Көпүрөнү алып кетти. Ак-Сууда дарыянын капкара болуп, түрүлүп келе жаткан видеосу

© Sputnik / Кирилл ШипицинСитуация в Иркутской области
Ситуация в Иркутской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
ӨКМ куткаруучулары дарыяга жакын жердеги жашоочуларды коопсуз жайга көчүрүүдө. Суу көпүрөдөн тышкары парк менен зоопаркка да зыянын тийгизди.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда суулар нугунан чыгып, ташкындоо кооптуулугу жаралууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттигине Теплоключенка айылынан видео жиберишти. Кадрдан суунун көпүрөнүн жарымын алып түшкөнүн көрүүгө болот. ӨКМ анын конструкциясы авариялык абалда экенин айтты.

Куткаруучулар суунун тегерегиндеги 27 үйдүн жашоочуларын коопсуз жайга көчүрүүдө

Мындан сырткары, коомдук парк менен Караколдогу зоопракты да суу каптаган.

ӨКМ куткаруучулары, милиция жана башка кызматтар жеринде иш алып барууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0