Боомдогу үрөй учурган жол кырсык. Милиция канча киши жабыркаганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтомобильная трасса Бишкек — Иссык-Куль
Автомобильная трасса Бишкек — Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
Жүргүнчү менен айдоочулар ооруканага жеткирилген. Алар отуруп бараткан автоунаа каршы тилкени бөлүп турган бетон тосмого урунган.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Боом капчыгайындагы үрөй учурган жол кырсыктан беш киши жабыркаган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Каргаша кечээ, 30-июлда, кечке жуук Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда болгон. Кызыл-кочкул түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автокөлүк каршы тилкени бөлүп турган бетон тосмого урунган. Унаадагылар Балыкчыдан Бишкекке бара жаткан.

Кырсыктан жабыркаган үч аял менен эки эркек киши ооруканага жеткирилген. Жүргүнчүлөр 19, 33, 38 жана 39 жашта болсо, айдоочу 31де экени айтылды. Алардын абалы тууралуу азырынча маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0