Чек арачылар Баткендеги контрабандалык жүктү токтотуу үчүн асманга ок атышты

© Sputnik / Табылды КадырбековКалашников автоматы. Архив
Калашников автоматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Чек арадагы аскерлер кызмат өтөп жатып Кожобакырган каналынын боюнда Тажикстан тарапты көздөй кетип бара жаткан, фарасы өчүрүлгөн кичи жүк ташуучу унааны байкап калышкан.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Баткенде аткезчилик жол менен жүк алып бараткан автоунааны токтотуу үчүн чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болушту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба пограничной службы ГКНБ КРЗадержанный пограничниками мини-грузовик с контрабандой селитры в селе Жаштык Баткенской области. 30 июля 2021 года
Баткенде аткезчилик жол менен жүк алып бараткан автоунааны токтотуу үчүн чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болушту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Баткенде аткезчилик жол менен жүк алып бараткан автоунааны токтотуу үчүн чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болушту
© Фото / пресс-служба пограничной службы ГКНБ КРЗадержанный пограничниками мини-грузовик с контрабандой селитры в селе Жаштык Баткенской области. 30 июля 2021 года
Билдирмеге караганда, чек арачылар 30-июлга караган түнү Тажикстан тарапты көздөй бара жаткан, фарасы өчүрүлгөн кичи жүк ташуучу унааны байкап калышкан - Sputnik Кыргызстан
2/2
Билдирмеге караганда, чек арачылар 30-июлга караган түнү Тажикстан тарапты көздөй бара жаткан, фарасы өчүрүлгөн кичи жүк ташуучу унааны байкап калышкан
1/2
Баткенде аткезчилик жол менен жүк алып бараткан автоунааны токтотуу үчүн чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болушту
2/2
Билдирмеге караганда, чек арачылар 30-июлга караган түнү Тажикстан тарапты көздөй бара жаткан, фарасы өчүрүлгөн кичи жүк ташуучу унааны байкап калышкан

Билдирмеге караганда, чек арачылар 30-июлга караган түнү Тажикстан тарапты көздөй бара жаткан, фарасы өчүрүлгөн кичи жүк ташуучу унааны байкап калышкан.

"Аскерлер автоунааны токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочу чек арада тургандардын талаптарын аткарбай жолун улаган. Мындан улам Чек ара кызматынын аскерлери эскертүү иретинде асманга ок чыгарганда айдоочу автоунаасын токтоткон", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам 31 жаштагы Кыргызстандын тургуну болуп чыккан. Ал өткөрмө пунктунан сырткары Кыргызстандан Тажикстанга 3,5 тонна селитра алып өтүүгө аракет кылганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0