Билгендер кабарлап койгула. Милиция Орокто асылган кишини таануу боюнча кайрылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүМилиция кызматкерелри. Архив
Милиция кызматкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Милиция жигиттин ким экендигин тактоо үчүн коомчулукка кайрылып, тааныгандар же окуянын шек-шыбатын билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Сокулук районунун Орок айылындагы жолдун боюнан асылган адамдын сөөгү табылып, анын ким экендиги такталып жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлады.

20-июлда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Орок айылындагы жолдун боюнда кишини асып кетишкендигин кабарлашкан. Маркумдун азият тектүү жана 20-25 жаштарда экени айтылды.

Милиция анын ким экендигин тактоо үчүн коомчулукка кайрылып, тааныгандар же окуянын шек-шыбатын билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.

Маркумдун кийимдери жана белгилери: 

  • Кийими: төш жагына таш баканын сөөгүнүн сүрөтү жана латын тамгалары түшүрүлгөн кара футболка, көк түстөгү жинсы шым, кара түстөгү спорттук бут кийим.
  • Белгилери: бою 165-170 см., арык чырай, узунураак кара чачтуу, кой көз.

Милиция бул адам туурасында кандайдыр бир маалымат билгендерди Сокулук райондук милиция бөлүмүнө же 0(3134) 5-33-80, 0(312) 60-75-67, 0(701) 80-18-03 телефон номерлерине чалууну суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0