Уюшкан кылмыш тобунун эки мүчөсү ишкерден 20 миң доллар талап кылган

© AFP / OZAN KOSEАкча санап жаткан адам. Архив
Акча санап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Ушул жылдын май айында 10 миң доллар алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалган эле.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кармалган киши ишкерден 20 миң долларды опузалап талап кылган деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРШектүү
Уюшкан кылмыш тобунун эки мүчөсү ишкерден 20 миң доллар талап кылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Шектүү

Көчөдөн баса калып... ИИМ Женгонун жан сакчысын кармаган видеону жарыялады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Көчөдөн баса калып... ИИМ "Женгонун" жан сакчысын кармаган видеону жарыялады
УКМК Бишкек шаарындагы ресторандардын биринин ээсинен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү 20 миң доллар пара талап кылган факт боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштү териштирип жатат.

Бул факт боюнча ушул жылдын май айында 10 миң доллар алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, И.Р.М. жана М.Р.А. аттуу кишилер кармалган.

"2021-жылдын 24-июлунда ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Бостери айылдагы конок үйлөрүнүн биринде бул кылмыштын башкы уюштуруучусу Б.М.М. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген", — деп айтылган маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0