Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео

© Sputnik / Александр Пирагис / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
Өрттү өчүрүүгө саат 18:20да бир бригада, экинчиси 18:33тө, үчүнчүсү 18:40та тартылган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бүгүн Чүй облусунун Беловодское айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан тез татым күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 18:20да бир бригада, экинчиси 18:33тө, үчүнчүсү 18:40та тартылган.

Тез татымдан чыккан өрт саат 19:12де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин эскертти.

Ал эми күбө жиберген видеодон кичи базарды коюу кара түтүн каптаганы көрүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0