УКМК пара талап кылган деген шек менен Сокулуктун үч милиционерин кармады

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРПара талап кылган деген шек менен милиционерлер кармалды
Пара талап кылган деген шек менен милиционерлер кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Чүйдүн Сокулук райондук милиция кызматкерлери кылмыш ишти шектүүнүн пайдасына чечүүнү өз ара сүйлөшүп, бул аракети үчүн пара талап кылышкан.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүйдүн Сокулук райондук милиция кызматкерлерин пара талап кылган деген шек менен колго түшүрдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, милиция кызматкерлери кылмыш ишин шектүүнүн пайдасына чечип бермей болушкан.

"Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары А.А.К., тергөөчү И.А.А. жана райондук ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.М. өз ара макулдашып алып сотко чейинки өндүрүштү оң тарапка чечип беребиз деп акча талап кылышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте иш жүргүзгөн. Натыйжада 1000 доллар өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Сокулук РИИБдин полковник, капитан жана ага лейтенант кызматкерлери аныкталган.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЗадержанный с поличным сотрудник ОВД Сокулукского района по факту вымогательства взятки. 22 июля 2021 года
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүйдүн Сокулук райондук милиция кызматкерлерин пара талап кылган деген шек менен колго түшүрдү - Sputnik Кыргызстан
1/3
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүйдүн Сокулук райондук милиция кызматкерлерин пара талап кылган деген шек менен колго түшүрдү
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРСверка купюр при задержании с поличным сотрудника ОВД Сокулукского района по факту вымогательства взятки. 22 июля 2021 года
Анда айтылгандай, милиция кызматкерлери кылмыш ишин шектүүнүн пайдасына чечип бермей болушкан - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анда айтылгандай, милиция кызматкерлери кылмыш ишин шектүүнүн пайдасына чечип бермей болушкан
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРСлужебное удостоверение задержанного сотрудника ОВД Сокулукского района по факту вымогательства взятки. 22 июля 2021 года
УКМК Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте иш жүргүзгөн - Sputnik Кыргызстан
3/3
УКМК Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте иш жүргүзгөн
1/3
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүйдүн Сокулук райондук милиция кызматкерлерин пара талап кылган деген шек менен колго түшүрдү
2/3
Анда айтылгандай, милиция кызматкерлери кылмыш ишин шектүүнүн пайдасына чечип бермей болушкан
3/3
УКМК Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте иш жүргүзгөн

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында милиционерлер УКМКнын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0