Сузакта сел агызып кеткен алты жашар кызды издеп жатышат. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия селя в Сузакском районе
Последствия селя в Сузакском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Бүгүн болжол менен саат 17:00дө Достук жана Чаңгыр-Таш айылдарын, Сузак—Кара-Дарыя жолун суу каптаган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда сел кичинекей кызды агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Бүгүн саат 17:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кара-Дарыя айыл аймагындагы Достук, Чаңгыр-Таш айылдарына кокту-колоттордон түшкѳн сел алты жаштагы кызды агызып кеткен. Суу турак үйлөрдүн короолорун, ошондой эле Сузак—Кара-Дарыя жолун каптаган", — деп айтылат маалыматта.

Кызды ӨКМдин ыкчам тобу жана 50 куткаруучу, айылдык 30 тургун издеп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0