ӨКМ: Лейлектеги 16 жаштагы бала селге агып эмес, андан качып баратып көз жумган

© Фото / Пресс-служба МЧС КРНаводнения в Лейлекском айылном аймаке
Наводнения в Лейлекском айылном аймаке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Кечээ Лейлекте катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен райондогу бир катар айылдарында сел жүрүп, анын кесепетинен бир бала көз жумганы кабарланган.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районунда 16 жаштагы бала селге агып эмес, андан качып баратып жүрөгү кармап көз жумганы болжолдонууда. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы тактады.

Кечээ ӨКМ 17:30дар чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Лейлектин бир катар айылдарында сел жүрүп, анын кесепетинен 2005-жылы төрөлгөн бала көз жумганын кабарлаган

"Такталган маалымат боюнча, Ак-Терек айылындагы 2005-жылы төрөлгөн А. у. А. аттуу баланы сел агызган эмес. Болжолдуу маалымат боюнча, ал суу ташкындан коопсуз жайга качып баратып жүрөгү кармап жыгылып, эс учун жоготкон. 103 кызматына айылдаштары кабарлашкан", — деп айтылат маалыматта.

Табигый кырсык аймактардагы турак үйлөрдүн короолорун, ички чарбалык унаа жолдорду, ички чарбалык арыктарды жана көпүрөлөрдү бузуп кеткен. Ак-Терек айылында 25 турак үй, бир мектеп, бир бала-бакча жана бир мечиттин короосу, ички чарбалык унаа жолдор жабыркаган.

Бүгүн жеринде тактоо жана селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары, жергиликтүү тургундары кол кабыш кылып, кошумча инженердик техникалар тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0