Баткендин Лейлек районунда 16 жаштагы бала селге агып каза болду

© Sputnik / Виталий АньковСел. Архив
Сел. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Окуя 19-июлда саат 17:30дар чамасында болгон. Тийиштүү кызматтар кырсык болгон жерде иш алып барууда.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районунда катуу жаандан кийин келген селге аккан 16 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя бүгүн, 19-июлда, саат 17:30дар чамасында болгон. 
ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, саат 17:30дар чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен райондогу Катраң айыл аймагынын Козу-Баглан, Катраң айылдарында, Лейлек айыл аймагынын Лейлек айылында, Тогуз-Булак айыл аймагынын Тогуз-Булак, Айкөл айылдарында жана Исфана шаарынын Голбо, Чымген айылдарында сел жүргөн. Табигый кырсык аймактардагы турак үйлөрдүн короолорун, ички чарбалык унаа жолдорду, ички чарбалык арыктарды жана көпүрөлөрдү бузуп кеткен. 
Последствия паводков в Халляйне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Адамдарды чамындыдай агызып. Австриядагы жүрөк үшүн алган селдин видеосу
Мындан сырткары, Лейлек айыл аймагынын Ак-Терек айылында 25 турак үйдүн ичине сел кирип, 20 турак үйдүн, бир мектеп, бир бала-бакча жана бир мечиттин короосун сел каптаган. 
Жеринде Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы, ӨКМдин Кризистик кырдаалда башкаруу борборунун жана Баткен облустук башкармалыгынын ыкчам топтору иш жүргүзүп жатканы кабарланат.
Жаңылыктар түрмөгү
0