Бишкектин четинде жоголгон 5 жаштагы баланын сууга чөгүп кеткени белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековИздөө-куткаруу иштери. Архив
Издөө-куткаруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Жазылуу
Бала бир нече күн мурун Кырман жаңы конушунда жайгашкан үйүнөн сыртка ойногонго чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Аламүдүн районунда изделип жаткан 5 жаштагы Нурислам Мусаевдин сөөгү табылды. Ал сууга чөгүп кеткенин Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, бөбөк 13-июль күнү Кырман жаңы конушундагы Кулбараков көчөсүндө жайгашкан үйүнөн сыртка ойногонго чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Облустук милиция бала каналга түшүп кеткен деген версия каралып жатканын билдирген. Кечээ издөө иштеринин натыйжасында анын сөөгү ГЭС-1 каналынан табылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0