Баткенде Тажикстанга аткезчилик менен көмүр ташып бараткандар кырсыктады. Видео

© AFP / STRКөмүр сатуу. Архив
Көмүр сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Жазылуу
Кармалгандар Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин жарандар менен көмүр компетенттүү органдарга өткөрүп берилген.
БИШКЕК, 19-июл. – Sputnik. Баткендин Лейлек районуна караштуу Кароол-Дөбө аймагынан Тажикстанга аткезчилик жол менен көмүр алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, SHACMAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа чек арачылардын буйругуна баш ийбей, токтобостон жолун улаган. Мындан улам чек арачылар артынан кууп, эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Натыйжада качып бара жаткан автоунаа капталына оодарылып кеткен.
"Кармалган Д.М. жана Б.А. Кыргызстандын жарандары экени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин колго түшкөн жарандар менен көмүр компетенттүү органдарга өткөрүп берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0