Түркиялыктарга мыйзамсыз жарандык берүү: дагы бир кызматкер камакка алынды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүЗадержание подозреваемых
Задержание подозреваемых - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Кармалган киши мурда президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматын ээлеп келген.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Түркиялыктарга Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз бергенге катыштыгы бар деп кармалган мурдагы мамлекеттик кызматкер А.Э. Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ШИИББ кабарлады.
Маалыматка ылайык, А.Э. мурда президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматын ээлеп келген.
Ага карата Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголгон.
Жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Президентке караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү
Учурда кылмышка тиешеси бар жарандардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
Буга чейин милиция 2016-жылы Фарид Ниязов төрагалык кылган Жарандык маселелер боюнча комиссия түркиялыктарга мыйзамсыз жарандык берүүнү чечип, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбев кол койгонун билдирген. Бул боюнча Жазык кодексинин "Коррупция" беренеси менен козголгон кылмыш иши тергелүүдө.
Андан кийин түркиялыктарга мыйзамсыз кыргыз жарандыгын берип жүргөн деген айып менен Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы жетекчиси С.Д. кармалган.
Эске салсак, учурда кыргыз коомчулугунун ар кыл реакциясын жаратып, тарапташтары митингге чыгып жаткан окуянын себепкери "Сапат" лицейлеринин жетекчиси Орхан Инанды да жарандыкты мурдагы президенттин бийлиги учурунда алган. Тагыраагы, 2012-жылдын 4-декабрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгы берилгени кабарланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0