Түрүлүп келип, жолду каптап. Оштогу кооптуу селдин видеосу

© Sputnik / Кирилл БрагаСелдин кесепети. Архивдик сүрөт
Селдин кесепети. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Катуу жааган жаандын кесепетинен Ош — Папан — Кожокелең жана Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун айрым бөлүктөрү жабылды.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ош облусунда селдин кесепетинен айрым шаар аралык жолдор жабылганын ӨКМ билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, саат 19:30дар чамасында Ош — Папан — Кожокелең унаа жолунун 45-48-чакырымдарын суу каптап кетип жабылган.
Ал эми саат 20:00дөр чамасында Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунун 70-чакырымын суу каптап, кыймыл токтогон. Тазалоо иштеринен кийин бир тараптуу ачылган.
Ошондой эле Гүлчө айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылында төрт кишинин короо жайларын сел каптаган, жабыркагандар жок.
Эки жакка тең ӨКМдин тиешелүү топтору менен техникалары жөнөтүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0