Баткенде эки бир тууган жоголуп, милиция издеп жатат

CC0 / Pixabay/ Alexas_Fotos / Мальчик и девочка
Мальчик и девочка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Эжеси менен иниси 13-июль күнү кечкурун үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Баткен райондук милициясы аталган аймактагы Бужум айылынын Ынтымак участкасынын тургундары, бир туугандар — 15 жаштагы Айназик Кудайбердиева менен 12 жаштагы Ариет Кудайбердиевди издеп жатат. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты. 
"Эки бир тууган 13-июль күнү саат 18.30дар чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бул факт Баткен РИИБинин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, балдар изделип жатат", — деп айтылат маалыматта.
Айназиктин белгилери: бою 150-155 сантиметр, кашы-көзү, чачы кара, арыкчырай, чачынын узундугу болжол менен 30-40 сантиметр. Ал эми иниси Ариеттин ак түстөгү спорттук бут кийимчен болгону айтылды.
Милиция бир туугандарды көрүп же жүргөн жерин билсе 03622 (5 17 56), 0774 778 688, 0709 736 637 телефондорго кайрылууну суранды.
Жаңылыктар түрмөгү
0