Ошто дарыяга кулаган Porter. 4 жашар кыздын сөөгү 19 күндөн кийин табылды

© AP Photo / Rick BowmerГорная река в Юте. США
Горная река в Юте. США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
24-июнда саат 22.00дөр чамасында Porter унаасынын айдоочусу Көңдүк айылындагы "Асыран бий" көпүрөсүнөн өтүп баратып рулга ээ боло албай сууга кулаган.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Оштун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына кулап кеткен Porter унаасынын ичиндеги 4 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аксы районундагы сел жүргөн аймакта издөө иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Аксыда сел агызган жети адам бир үй-бүлөнүн мүчөсү болуп чыкты. Видео
Машинанын ичиндеги айдоочу менен өспүрүм баланы жергиликтүү тургундар аман алып калып, дагы үч киши изделип жаткан болчу. Үч күндөн кийин эки аялдын сөөгү табылып, 4 жаштагы кыз дайынсыз болуп жаткан.
13-июль күнү Кара-Таш айылында Тар дарыясынан 4 жашар кыздын сөөгү табылып, жергиликтүү тургундар аны туугандарына өткөрүп беришкени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0