Бала суу жээгинде ойноп жаткан. Аксыда 8 адамды сел алган трагедиянын чоо-жайы

© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиАксы районундагы сел жүргөн аймакта издөө иштери
Аксы районундагы сел жүргөн аймакта издөө иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Сел алган сегиз жарандын алтоо жаш балдар. 33 жаштагы аял балдары менен жайлоого Бишкектен барганы айтылат.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Аксы районундагы трагедиянын чоо-жайы тууралуу маалымат берди.
© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской области12-июлда, кечке жуук Аксы районунун Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарын бириктирип турган Танды-Булак жайлоосунда жааган жамгырдан улам сел жүргөн
12-июлда, кечке жуук Аксы районунун Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарын бириктирип турган Танды-Булак жайлоосунда жааган жамгырдан улам сел жүргөн - Sputnik Кыргызстан
1/3
12-июлда, кечке жуук Аксы районунун Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарын бириктирип турган Танды-Булак жайлоосунда жааган жамгырдан улам сел жүргөн
© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиАк-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылынын жогору жагындагы Алты-Айры жайлоосундагы бир турак үйдү (жеңил конструкцияда салынган), анын ичиндеги жети адамды алып кеткен
Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылынын жогору жагындагы Алты-Айры жайлоосундагы бир турак үйдү (жеңил конструкцияда салынган), анын ичиндеги жети адамды алып кеткен - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылынын жогору жагындагы Алты-Айры жайлоосундагы бир турак үйдү (жеңил конструкцияда салынган), анын ичиндеги жети адамды алып кеткен
© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиАл эми саат 19:40тар чамасында Жаңы-Жолдун Таштак айылында беш жаштагы баланы Малкалды суусунун жээгинде ойноп жаткан учурда агызып кеткен.
Ал эми саат 19:40тар чамасында Жаңы-Жолдун Таштак айылында беш жаштагы баланы Малкалды суусунун жээгинде ойноп жаткан учурда агызып кеткен. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал эми саат 19:40тар чамасында Жаңы-Жолдун Таштак айылында беш жаштагы баланы Малкалды суусунун жээгинде ойноп жаткан учурда агызып кеткен.
1/3
12-июлда, кечке жуук Аксы районунун Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарын бириктирип турган Танды-Булак жайлоосунда жааган жамгырдан улам сел жүргөн
2/3
Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылынын жогору жагындагы Алты-Айры жайлоосундагы бир турак үйдү (жеңил конструкцияда салынган), анын ичиндеги жети адамды алып кеткен
3/3
Ал эми саат 19:40тар чамасында Жаңы-Жолдун Таштак айылында беш жаштагы баланы Малкалды суусунун жээгинде ойноп жаткан учурда агызып кеткен.
Милициянын билдиришинче, кечээ, 12-июлда, кечке жуук Аксы районунун Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарын бириктирип турган Танды-Булак жайлоосунда жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылынын жогору жагындагы Алты-Айры жайлоосундагы бир турак үйдү (жеңил конструкцияда салынган), анын ичиндеги жети адамды алып кеткен.
Ал эми саат 19:40тар чамасында Жаңы-Жолдун Таштак айылында беш жаштагы баланы Малкалды суусунун жээгинде ойноп жаткан учурда агызып кеткен. Сел үйүнүн жанынан агып өткөн суу менен кошо келген.
"Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, жайлоодон түшкөн сел Жолборсту суусуна келип кошулган. Ошол кошулган жерге чейинки аралыктагы суунун жээгинен бир эркек жана аял кишинин, Шына айылынан бир аялдын, Эчкили айылынын башынан бир аял кишинин жана Жолборсту айылынын кире бериш жеринен эки жаш баланын сөөгү табылган", — деп билдирди милициядан.
Ошондой эле каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү, тагыраак айтканда, таенеси, кызы жана неберелери болгону айтылат. Сел алган жарандардын алтоо жаш балдар.
Сөөгү табылып, өздүгү такталган жарандар:
  1. 63 жаштагы Б.Ж. атуу аял — Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылынын тургуну;
  2. 33 жаштагы Ш.Б. атуу аял — Бишкек шаарынын тургуну;
  3. 12 жаштагы Ш.А. аттуу кыз;
  4. 7 жаштагы Ш.А. аттуу бала;
  5. 16 жаштагы Т.П. аттуу кыз — Таш-Көмүр шаарынын тургуну;
  6. 12 жаштагы О.Н. аттуу бала — Ак-Жол айыл аймагынын Эчкили-Сай айылынын тургуну.
Учурда изделип жаткан жарандар:
  1. 5 жаштагы бала, Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылынын тургуну;
  2. 3 жаштагы кыз, Таш-Көмүр шаарынын тургуну.
Аталган жаратылыш кырсыгы Аксы РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталган.
Аксы районундагы сел жүргөн аймакта издөө иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Аксыда сел агызган жети адам бир үй-бүлөнүн мүчөсү болуп чыкты. Видео
Аксы РИИБдин өздүк курамы түп көтөрүлүп, окуя болгон жерге барышкан. Ошондой эле министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров жеринде иш алып барууда.
Милиция кызматкерлери сел алган аймакта коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо багытында иштеп, жабыр тарткан жарандарга жакындан жардам көрсөтүүдө. Издөө иштерине тартылып, бүгүн кинологдор да иттери менен жөнөп кеткени кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0