Жалпы 67 иш катталган. Шайлоо мыйзамдары кайсы шаарда көп бузулду

© Sputnik / Табылды КадырбековПовторные выборы депутатов в БГК
Повторные выборы депутатов в БГК - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Министрлик азырынча беш факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирди. Үчөө "Добуштарды сатып алуу" фактысы, ал эми экөө "Майда бейбаштык" беренеси менен катталган.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо маалында шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпысынан 67 маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Ага ылайык, журналга катталган маалыматтардын 38и номенклатуралык ишке чыгышталып, 16сы каралып жатса, экөө бириктирилип, дагы алтоо аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. 
Шайлоо участогундагы улгайган аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Токмокто "Ата-Журт Кыргызстандан" башка партиянын баары жеңишке жетти
Эң көп мыйзам бузуу Бишкекте болгон. Тагыраагы, борбор калаа боюнча 37 маалымат катталып, курамында мыйзам бузуу аныкталбагандыктан 23 факт номенклатуралык ишке чыгышталып, ону каралып жатса, дагы бирөө бириктирилген. Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 192-беренеси ("Добуштарды сатып алуу") боюнча үч факт катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
Ош шаарындагы 12 маалыматтын тең жарымы аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлүп, дагы жарымы каралууда. 
Токмок шаарында 18 маалымат каттоого алынып, анын ичинен 15и номенклатуралык ишке чыгышталып, бирөө бириктирилди. Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча эки факт катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0