"Унаа" кызматкерлеринин коррупциясы: Ош бөлүмүндөгү фактылар боюнча иш козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина за рулем автомобиля
Мужчина за рулем автомобиля - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Ишкананын кызматкерлери өлкөдө тыюу салынган оң рулдуу автоунааларды каттап, мамлекетке 14 миллион 340 297 сомдук зыян келтиришкен.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери чет өлкөдөн келген оң рулдуу автоунааларды мыйзамсыз каттап, мамлекетке 14 миллиондон ашуун суммада зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Башкы көзөмөл органы Кыргызстандын аймагында оң рулдуу автоунаалар каттоого алынбай тургандыгын эске салды.
"Ишкананын кызматкерлери мыйзам бузуу менен 16 автоунааны каттаган. Мындан улам мамлекет 14 миллион 340 297 сомдук зыян тарткан. Мисалы, Р.Т. аттуу жарандын оң рулдуу Toyota Alphard унаасын каттоодо С.А. аттуу кишиге таандык Ford Focus автокөлүгүндө 2014-жылдан бери каттоодо турган D....ХХ сандуу мамлекеттик белгисин алмаштырды деген мааниде расмий документтерге жалган маалыматтарды жазышкан. Ошентип автоунаанын катталгандыгы тууралуу күбөлүктү жана 06 КG...ХХХ мамлекеттик белгисин мыйзамсыз жасап беришкен", — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 329-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык") менен кылмыш иши козголгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0