Чүй: жол оңдогон техника менен жеңил унаа кагышып, 8 киши жабыркады. Видео

© Фото / PixabayСлучаи ДТП в КР
Случаи ДТП в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Кырсык болгон жерге ӨКМдин төрт куткаруучусу барган. Ал эми жабыркагандарды Тез жардам кызматы алып кеткен.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Чүйдүн Москва районунун Садовая айылында жол оңдогон техника менен Mercedes-Benz Vito үлгүсүндөгү автоунаа кагышып, кырсыктан сегиз киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, атайын техника менен жеңил автоунаа айылдагы "Сударушка" дүкөнүнүн жанында сүзүшкөн. Жабыркагандарды Тез жардам кызматы алып кеткени айтылды. Өлүм учуру катталган эмес. Кырсык болгон жерге ӨКМдин төрт куткаруучусу барганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0