Кыргыз-тажик чек арасында окко учкан аскердин сөөгүн Тажикстан аркылуу алып келишет

© AFP / MLADEN ANTONOVЧек арачы. Архивдик сүрөт
Чек арачы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Маалыматка ылайык, тоодогу оор шарттарга байланыштуу жоокердин сөөгү Тажикстандын аймагы аркылуу алынып келинет.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Баткендин кыргыз-тажик чек арасында тажик аскерлеринин огунан каза болгон кыргызстандык сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү Кыргызстанга бүгүн, 9-июлда, алып келинет. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тоодогу оор шарттарга байланыштуу жоокердин сөөгү Тажикстандын аймагы аркылуу алынып келинет.
Испытание среди бойцов спецназа Скорпион на получение зеленого берета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Кыргызстан тажик тараптан кармап кеткен чек арачыны кайтарып берүүнү талап кылды
УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, бүгүн, 9-июлда, саат 18:00гө карата Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп сыпатталууда.
Аскер кызматкери кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда каза болгон. Тажик тарап Кыргызстандын бир жоокерин кармап кеткен. Учурда аны кайтарып алуу боюнча эки тараптын Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Күч түзүмдөрүнүн мамлекеттик чек арадагы аракеттерин көзөмөлгө алуу үчүн УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары, Башкы штабдын начальниги Курсанбек Бекташов Баткен облусуна учуп кетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0