Баткенде Пүшкөт жайлоосу күйүп жатат. Сүрөт, видео

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүТокой өртү. Архив
Токой өртү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 33 куткаруучу жана токой чарбасынан 10 кызматкер тартылган.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айыл өкмөтүнө караштуу Пүшкөт жайлоосунда өрт чыкты.
Аталган аймактагы кургак чөп күйүп жатканы тууралуу өрт өчүрүүчүлөргө бүгүн эртең менен саат 06:20да маалымат түшкөн.
Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 33 куткаруучу жана токой чарбасынан 10 кызматкер тартылган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0