Ошто милиция добуш сатып алууга шектелген дагы бир талапкерди кармады

© Sputnik / Жоомарт УраимовИскоренение коррупции в КР
Искоренение коррупции в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Милиция талапкер тарабынан шайлоочуларга берилген акча каражаттарды алып, тиешелүү көрсөтмөлөрдү чогултууда.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Ош шаарында добуш сатып алууга шектелип дагы бир депутаттыкка талапкер кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 7-июлда, түнкү саат 22.00дөр чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан "шайлоочулардын добуштарын сатып алууга" шектүү катары дагы бир жаран кармалып, тергөө кызматына алып келинди. Ал Ош шаардык кеңешине шайлоого аттанган партиялардын биринин атынан депутаттыкка талапкер экени аныкталган.
"Бул талапкер тарабынан шайлоочуларга берилген акча каражаттары алынды. Тиешелүү көрсөтмөлөр топтолуп, күбөлөр суралууда. Тергөө иштеринин жүрүшү тууралуу дагы кошумча маалымат берилет", — деп айтылат кабарда.
Ал эми кечээ да добуш сатып алуу фактысы менен кармалган депутаттыкка талапкер Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилгени айтылат.
Белгилей кетсек, ушул жекшемби күнү Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоо өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0