Чек ара кызматы Орхан Инандыны башкалар кантип чыгарып кеткенин билбейт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПредседатель ГПС Уларбек Шаршеев
Председатель ГПС Уларбек Шаршеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
Эл өкүлү Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетишине Чек ара кызматынын төрагасын күнөөлөп, иштен кетишин талап кылды.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. 1-июндан, Орхан Инанды жоголгон күндөн тарта эле анын сыртка чыгарылып кетишине бөгөт коюлуп, бардык чек араларга көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилген. Бул тууралуу Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев парламентте билдирди.
Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетишине Шаршеевди күнөөлөдү.
"Кыргызстандын жараны чек арадан чыгарылып кетти. Сиз күнөөлүүсүз да. 1-июнда бөгөт койгон экенсиздер, бирок иш жүзүндө чыгып кетип жатпайбы...", — деди Нурбаев.
Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков . Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Министр Ниязбеков: тышкы чалгынчыларга бөгөт коюу ИИМдин милдетине кирбейт
Чек ара кызматынын төрагасы бул иш боюнча Аскер прокуратурасы иликтеп жатканын айтты.
“1-июнда эле Орхан Инандыны сыртка чыгарылып кетишине бөгөт коюлуп, бардык чек араларга, кезметтерге көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилген. Ал кантип чыгып кеткени тууралуу иликтөө иши жүрүп атат. Жыйынтыгы менен белгилүү болот”, — деди Шаршеев.
Ал эми Нурбаев "бул калпыстык үчүн кечирим сурап, иштен кете аласызбы?" деп сурады.
Ага Шаршеев эгер буйрук берилсе кетүүгө даяр экенин айтты. Андан соң депутат буйрук берилишин күтпөй өзү арыз жазып кетишин сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0