ИИМ: Орхан Инандынын кантип уурдалганын иликтей баштадык

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаПоиски пропавшего Орхан Инанды сотрудниками ГУВД Бишкека
Поиски пропавшего Орхан Инанды сотрудниками ГУВД Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
Бир ай мурда жоголуп Кыргызстанда издөө салынган Орхан Инанды учурда Түркияда. ИИМ анын кандайча уурдалып кеткендигин тактоого аракет кылууда.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орхан Инанды кандай жагдайда, кантип уурдалып кеткендигин аныктоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Учурда Орхан Инандынын кайда экендиги аныкталгандыктан, ИИМ анын дайынсыз жоголушуна себеп болгон жагдайлар боюнча мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө", — деп айтылган таратылган маалыматта.
ИИМ Орхан Инандыны издөө боюнча зарыл болгон бардык ыкчам тергөө иш-чараларынын хронологиясын жарыялады. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругу менен жоголгон адамды Кыргызстандын көп аймактарынан издешкен.
"Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда, айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлгөн. Аны ички иштер органдарынын миңден ашык кызматкерлери издеген. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, автоунаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынган. Кыргызстандык жаран Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш толугу менен ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө болгон", — деп билдиришти ИИМден.
5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бир ай мурда дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды атайын жасалган ийгиликтүү операциянын негизинде Түркияга жеткирилгендигин айткан. Бул боюнча Кыргызстан ТИМи Түркия элчиси Ахмет Садык Доганга нааразылык нотасын тапшырган.

Орхан Инандынын жоголушу

Унаадагы видеорегистратор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Орхан Инанды жоголгонго чейин тартылган кадрлар жарыяланды

"Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.

Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.
Инандынын табылышын талап кылган жарандар Өкмөт үйүнүн алдына бир нече жолу митингге чыгышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0