Алайда автоунаа аласалып, 57 жаштагы аял каза болду. Небереси ооруканада

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Жазылуу
Маркумдун күйөөсү унаанын рулун башкара албай, жолдун оң тарабындагы бетон тосмону сүзгөн. Жабыркаган аял ооруканага жетпей калган.
ОШ, 5-июл. — Sputnik. Алай районунда жол кырсыгынан 57 жаштагы аял көз жумду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Окуя 1-июль күнү саат 15:00дөр чамасында Ош — Эркечтам унаа жолунун 177-чакырымында, тактап айтканда, Талдык ашуусунда болгон.
Үрөй учурат! Жалал-Абад милициясы жол кырсыктарынын видеосун топтоду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Үрөй учурат! Жалал-Абад милициясы жол кырсыктарынын видеосун топтоду
Өзгөн районунун 59 жаштагы тургуну Т.З. Mersedes-Benz үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып рулун башкара албай жолдун оң тарабындагы бетон тосмону сүзүп, аласалып кеткени айтылат.
Кырсыктын кесепетинен айдоочунун 58 жаштагы жубайы М.Х. ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми бир жаштагы небереси ооруканада жатат.
Учурда кырсыктын себеби иликтенүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0