Талибдер менен болгон согуштан кийин 300дөй афган чек арачысы Тажикстанга кирди

© AFP / ZAKERIA HASHIMIАфганистандын улуттук армиясынын жоокерлери
Афганистандын улуттук армиясынын жоокерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Ишемби күнү кечинде Афганистандын Бадахшан аймагындагы Хохон, Шахрибузург Рогистон уезддеринде кырдаал оорлошуп, аталган райондун баарын "Талибан" кыймылы басып алган.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. "Талибан" согушкерлер кыймылы Афганистандын чек ара комендатурасын басып алгандан кийин 300дөн ашык афган чек арачысы Тажикстандын аймагына өттү. Бул тууралуу РИА Новости Тажикстандын Чек ара кызматынын маалымат борборуна таянып жазды.
"Ишемби күнү кечинде Афганистандын Бадахшан облусундагы Хохон, Шахрибузург Рогистон уезддеринде кырдаал оорлошуп, аталган райондун баарын "Талибан" кыймылы басып алган. Куралдуу кагылышуунун натыйжасында согушкерлер Хохон уездиндеги "Овез" комендатурасына да ээлик кылышкан", — деп айтылат маалыматта.
Афганистандын Ганзи провициясынын жасоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
АКШ Борбор Азиянын үч өлкөсүнөн 9000 афганга баш калкалоо берүүнү суранууда
Качып келген кесиптештерин тажик чек арачылары өз аймагына өткөрүүгө уруксат беришкени айтылды.
"Афган аскерлери куралдуу кагылышуудан кийин жеке курамды сактап калуу үчүн аргасыздан мамлекеттик чек араны "Истиклол" жана "Саригор" посту аркылуу кесип өтүшкөн", — деп жазылат кабарда.
Афганистан менен Тажикстан чек арасындагы абал толугу менен тажик чек арачыларынын көзөмөлүндө экени кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0