Акча уурдаганда көрүп калган. Аравандагы баланын өлүмүнө шектелип жээни кармалды

© REUTERS / Stringer Карлманган кишенчен киши. Архив
Карлманган кишенчен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Жазык ишинин жүрүшүндө маркумдун жашаган үйүнөн жалпы суммасы 900 миң сомго жакын накталай акча жоголгондугу аныкталган.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда киши колдуу болгон өспүрүмдү анын жакын тууганы өлтүргөнүн мойнуна алды. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, өткөн ишемби күнү Араван райондук ооруканасына 55 жаштагы таякеси "асылып алды" деп О. А. аттуу 12 жаштагы өспүрүмдү алып келип, бирок дарыгерлер анын каза болуп калганын аныктап, милицияга кабарлаган. Экспертиза жүргүзүлүп, баланын киши колдуу болгону такталып, милиция кылмышты ким жасагандыгын издеп баштаган.
Милиция өспүрүмдү өлтүргөн деген шек менен 16 жаштагы Ю.А. аттуу улан кармалганын, ал муркумдун жээни экендигин билдирди.
"Ош ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын, Араван районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери комплекстүү тынымсыз ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп, натыйжада адам өлтүрүү кылмышынын бети ачылды. 2021-жылдын 27-июнь күнү шектүү катары 16 жаштагы Ю.А. кармалды", — деп айтылган маалыматта.
Жазык ишинин жүрүшүндө маркумдун жашаган үйүнөн жалпы суммасы 900 миң сомго жакын накталай акча жоголгондугу аныкталган. Шектүү ал акчаны Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынан Ак-Сарай айылындагы бактын ичине катканы айтылды.
Бала айнектин жанында турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Чүйдө балдар үйүндө көз жумган Якунин. Экспертизанын жыйынтыгы 29-июнда чыгат
"Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Араван районунун С.Юсупова айыл аймагындагы Ак-Сарай айылындагы бактын ичинде кылмыш иштин далил буюму катары акчанын турган жери боюнча маалымат алынган. Аны текшере келгенде бактын арасынан каза болгон өспүрүмдүн үйүнөн уурдалган каражаттан 783 500 сом акча алынган", — деп айтылат маалыматта.
Милиция шектүүнү суракка алган учурда ал кылмышты эмнеге жасагандыгын айтып бергенин билдирди.
"16 жаштагы Ю. А. Араван райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкери, жактоочу У.Б. жана таятасынын көзүнчө суракка алынган. Бул учурда ал 25-июнь күнү Араван районунун С.Юсупова айыл аймагындагы Ибраимов көчөсүндөгү үйдөн тууганынын акчасын уурдап жатканда таякеси (маркум өспүрүм — ред. ) көрүп калгандыктан, кылмышты жашыруу үчүн аны өлтүргөндүгүн толугу менен мойнуна алган", — деп билдиришти милициядан.
Кошумча маалыматтарга таянсак, бала таякесин бычактап өлтүргөн. Милиция экөөнүн тууган экенин тастыктады.
Жаңылыктар түрмөгү
0