Чүйдө 21, Көлдө 15 жаштагы сууга чөккөн балдардын сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСууга чөгүп кеткен адамдын сөөгүн издеп жаткан суучул. Архив
Сууга чөгүп кеткен адамдын сөөгүн издеп жаткан суучул. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Кара-Кулжа районунда алты күндөн бери Казык жайлоосундагы Казык суусуна түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделип жатканы айтылды.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда көлгө чөгүп кеткен 15 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кырсык 26-июнь күнү райондогу Жеңиш айылында болгон. ӨКМдин куткаруучулары издөө иштерин 27-июнда баштап, ага 19 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, 20 жергиликтүү тургун тартылган. Караңгы кирип кеткендиктен 20:30дар чамасында издөө иштери токтотулган.
"Бирок жергиликтүү тургундар баланы түн ичинде да издеп, анын сөөгүн суудан көрүп калып, суучулдарга кайрылышкан. Саат 02:10дор чамасында суучулдар каза болгон өспүрүмдүн сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ башка аймактарда да сууга чөккөндөр тууралуу маалымат берди.
Сууга түшкөн киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жалал-Абаддын аймагында сууга чөккөн үч киши изделип, биринин сөөгү табылды
Ага ылайык, Аламүдүн районунун Дачное айылындагы ГЭС-5 суу сактагычынан 21 жаштагы жигиттин сөөгү табылды.
ӨКМдин маалыматына караганда, ал сууга 27-июнь күнү түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн үч куткаруучу тартылып, саат 17:02де анын сөөгүн таап, ӨКМге өткөрүп беришкен.
Оштун Кара-Кулжа районунда алты күндөн бери Казык жайлоосундагы Казык суусуна түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделип жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0