Төрт айдын ичинде Кыргызстанда 8 миң киши кылмышка барган

© AFP / MICHELLE SHEPHARD / POOLКишендер. Архив
Кишендер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Кылмыш кылганы аныкталган 8 миң кишинин 16,5 пайызы аялдар, 4,7 пайызын жашы жете элек балдар түздү. Булардын 54 пайызы эч жерде иштеген жана окуган эмес.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын төрт айында республика боюнча кылмыштуулуктун саны 31 пайызга өстү. Январь-апрель айларында өлкөдө 8 миңге жакын адам кылмыш кылганын Башкы прокуратурага шилтеме берип Улуттук статистика комитети жазды.
"Төрт айда Кыргызстанда 17,5 миң кылмыш катталган. Бул 2020-жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 31 пайызга көп дегенди түшүндүрөт. Кылмыштардын 60 пайызы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган", — деп айтылат билдирүүдө.
Кылмыштын көбөйгөн түрлөрү:
  • алдамчылык — 1,7 эсеге;
  • уурулук — 30 пайызга;
  • тоноо – 10 пайызга;
  • адам өлтүрүү — 21 пайызга;
  • зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу — 17 пайызга;
  • ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү – 11 пайызга;
  • кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу — 21 пайызга;
  • ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо — 2,3 эсеге;
  • паракорлук — 14 пайызга;
  • баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү — 29 пайыз.
Кылмыш кылганы аныкталган 8 миң кишинин 16,5 пайызы аялдар, 4,7 пайызын жашы жете элек балдар түздү. Булардын 54 пайызы эч жерде иштеген жана окуган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0