УКМКнын мас кызматкерлери эс алуучуларды сабаганбы? 

© Фото / Pixabay / kerttuТапанчаны кармап турган киши. Архив
Тапанчаны кармап турган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик болгон.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Таласта УКМКнын мас кызматкерлери эс алуучуларды травматикалык тапанча колдонуу менен сабаган деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти. 
Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик болгон. Бирок тапанча колдонулган эмес. 
“УКМКнын кызматкерлери жергиликтүү тургунду коркутуу жолу менен көрсөтмөсүн өзгөртүүгө аракет кылышкан деген маалымат да чындыкка дал келбейт. Анткени тараптардын оозеки кайым айтышуусунан кийин окуя элдешүү жолу менен аяктаган”, – деди УКМКдан. 
Факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгына жараша Талас облусу боюнча башкармалыктын кызматкерлерине тиешелүү чара көрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0