Май куюп жаткан автоунааны "минип" калган Lexus. Кырсыктан кийинки видео

© Фото / Pixabay/ ergeЖол кырсыктан талкаланган автоунаа. Иллюстративдик сүрөт
Жол кырсыктан талкаланган автоунаа. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Автокырсыктан төрт адам, алардын ичинен эки автоунаанын айдоочулары да жабыркаган. Учурда териштирүү жүрүп жатат.
БИШКЕК, 22-июн — Sputnik. Бишкектин чекесинде Lexus үлгүсүндөгү жолтандабас май куйган бекетке күү менен келип, ал жерден май куюп жаткан экинчи автокөлүктүн үстүнө "минип" калган. Бул туурасында Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктан кабарлашты.
Окуя өткөн түнү 7-Апрель көчөсүндөгү айлампа жолдун жогору жагында болгон. Кырсык болгон учурда Hyundai Porter бекетте май куюп жаткан. Жолтандабас күү менен келип, ал автоунаага урунган.
Окуянын видеосун "Короче" Telegram каналы жарыялады. Кадрдан Lexus экинчи автокөлүккө "минип" калганын көрүүгө болот. Жолтандабасты башкарып бараткан жарандын реанимацияга түшкөндүгү айтылды. Окуя боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0