Москвада мекендешин коркутуп 1 млн. рубль талап кылган кыргызстандыктар кармалды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүБанктын кызматкери акчаны салып жатат. Архив
Банктын кызматкери акчаны салып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Окуя апрелде болгон. Кылмыштуу топ кыргыз жаранын ээн жерге алып келип коркутуп жатканын өтүп бараткандар көрүп калган.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Москвада мекендешинен 1 миллион рубль акча каражатын опузалап талап кылган шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлик ушул жылдын жаз айында Кыргызстандын тургундарынан түзүлгөн уюшкан кылмыштуу топ Москванын аймактык полициясынын бөлүмдөрү тарабынан кармалганын эске салды.
"Тагыраагы, 5-апрель күнү түндө Москванын көчөлөрүнүн биринде кыргыз улутундагы 8-9 жаран мекендешин "УАЗ" үлгүсүндөгү автоунаа менен токой тарапка алып барышкан. Ээн жерде курал менен коркутуп, миллион рубль акча каражатын талап кылышкан. Аларды ошол жакта өтүп бара жаткан адам байкап калып, укук коргоо органдарына кабарлаган. Полиция опузалаган төрт адамды кармаган, шектүүлөр Жалал-Абад жана Чүй облустарынын тургундары болуп чыкты. Алардын жанынан тапанча, ок-дары, бычак, арматура жана таяктар табылган", — деп айтылат маалыматта.
Россиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
ИИМдин өкүлчүлүгү: Кыргызстанда издөөгө алынгандар Россиядан кармалууда
Кармалгандардын бири, 33 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну А.А. уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар экени айтылат. Дагы бир кармалган жаран Ноокен районунун 26 жаштагы жашоочусу ММА мушкери болгон жана Москвадагы белгилүү спорттук клубдардын биринде машыккан. Ошондой эле сокулуктук жана базар-коргондук 25 жана 24 жаштагы балдар колго түшүрүлгөн.
Аталган факт боюнча Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Киши уурдоо" жана "Опузалап талап кылуу" беренеси менен иш козголгон.
Июнь айында ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар деп из жашырып жүргөн Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун 23 жаштагы тургуну А.Э. кармалган. Ошондой эле дагы бир жаран издөөгө алынды.
Жаңылыктар түрмөгү
0