Ошто эртең менен жер титиреди

© AFP / PETER STEFFENЖер титирөөнүн графиги. Архив
Жер титирөөнүн графиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок. Ал Алай районунун Иркештам, Көк-Суу жана Нура айылдарында сезилди.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ош облусунун аймагында бүгүн эртең менен очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна таянып кабарлады.
Жер титирөө саат 06:30да болгон. Ал Ош облусунун Алай районунун Иркештам, Көк-Суу айылдарында 3,5 балл, Нура айылында 3 баллга чейин сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0