Чүйдө 57 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы бала кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКолу кишенделген адам. Иллюстративдик сүрөт
Колу кишенделген адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, шектүү менен каза тапкан адам уруша кеткен. Кылмыш кылды деген баланы милиция Бишкектен кармады.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Чүйдүн Панфилов районунда 57 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.
Ношение огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Талас: 18 жаштагы кыздын сөөгү табылса, ага шектүү өз жанын кыйганы айтылды
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө каза тапкан киши Кум-Арык айылынын С.Э. аттуу 57 жаштагы тургуну экени аныкталган. Аны өлтүрүүгө шектелип Бишкектеги көчөлөрдүн биринен 17 жаштагы Г.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, экөө уруша кетип, жаш бала кишинин денесине залал келтирип из жашырып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0