Бишкекте бир нече павильон күйүп жатат. Жеринен тартылган видео

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында, жеринде темирден жасалган павильондор алынып жаткан. Металлды араалап жатканда оттун учкуну павильонго тийген.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бишкекте 6-кичи райондо бир нече павильон күйүп жатат. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Жеринен тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.
Күбөлөрдүн айтымында, темирден жасалган павильондордун бирин кесип жаткан кезде учкун коңшу дүкөнгө тийип өрт чыккан.
ӨКМдин алдын ала маалыматына караганда, окуя эски жолдо болгон. Жерине саат 14:15те бир өрт өчүрүүчү унаа жөнөп кеткен. Министрлик кошумча маалымат берет. 
Жаңылыктар түрмөгү
0