Максатын билген эмеспиз. Көлдө эки киши диний-экстремисттик агымдан чыкты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЭкстремист. Архив
Экстремист. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Тыюу салынган уюмдан чыккандар "Йакын-Инкар" диний экстремисттик агымынын башка жактоочуларын туура эмес жолдо бара жаткандыгын эскертип кетишкен.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 49 жана 46 жаштагы эки тургуну "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымынын катарынан чыкканын жарыялашты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен казыяттын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
"Диний-экстремисттик агымынын катарынан чыккандардын айтымында, 2013-жылы "Йакын-Инкар" уюмуна ишмердүүлүгү жана максаты жөнүндө билбей кирип кетишкен. Кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө анын идеологиясы салттуу исламга туура келбестигин түшүнүшкөн. Алар "Йакын-Инкар" диний экстремисттик агымынын башка жактоочуларын туура эмес жолдо бара жаткандыгын эскертишти", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2017-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Кыргызстандагы "Йакын-Инкар" диний агымынын ишмердүүлүгү экстремисттик деп табылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0