Таарынычтан улам адам өлтүргөн. Түптө эки шектүү кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармаган адам. Архив
Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Райондук сот шектүүлөрдүн бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери уланып жатат.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кутургу айылында адам өлтүрүүгө шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 3-июнь күнү Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө айылдагы эски тегирмендин жанынан азият улутундагы эркек адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Факты Түп райондук ИИБдин бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча катталган.
"Окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барып, эркек кишинин кыйноо жолу менен өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Маркум 39 жаштагы Е.К. аттуу ошол эле айылдын тургуну экени маалым болгон. Кийинчерээк ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында негизги шектүү колго түшүрүлгөн. Ал дагы ошол эле айылдын тургуну 36 жаштагы Б.Н. аттуу адам болуп чыкты. Сурак учурунда шектүү көптөн берки таарынычынан улам кылмышка барганын айткан. Кийинчерээк ага жардам берген деген айып менен Ак-Булуң айылынын 62 жаштагы тургуну кармалган. Колго түшүрүлгөн киши өлтүрүлгөн Е.К. аттуу адамды үйүнө чакырып бергенин айткан", — деп жазылат маалыматта.
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиШектүүлөр
Подозреваемые в убийстве мужчины в Тюпском районе Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Шектүүлөр
Райондук соттун чечими менен кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып, экөө тең эки айга камалышкан. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0