Унаасын алып, 300 миң сом талап кылган. Ошто Женгонун жакын адамы кармалды

© AFP / Marvin RECINOSКишенчен кармалган киши. Архив
Кишенчен кармалган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Т.И.М. аттуу киши башында турган Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөлөрү бир жаранды күчкө салып шаардын четине алып барышкан.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ош шаарында бир жарандын автоунаасын тартып алып, 300 миң сом талап кылган деп кримтөбөл Кадыр Досоновдун (Женго) жакын адамы кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГКНБОш шаарында бир жарандын автоунаасын тартып алып, 300 миң сом талап кылган деп кримтөбөл Кадыр Досоновдун (Женго) жакын адамы кармалды
Задержание активного члена ОПГ Кадырбека Досонова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ош шаарында бир жарандын автоунаасын тартып алып, 300 миң сом талап кылган деп кримтөбөл Кадыр Досоновдун (Женго) жакын адамы кармалды
Билдирмеге караганда, Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Т.И.М. баштаган адамдар 18-майда бир жаранды күчкө салып Ош шаарынын четине үч унаа менен алып барышкан.
"Ал жерден жабырлануучуну ур-тепкиге алып Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алып, "жалпы кассага" деп 300 000 сом талап кылышкан. Ошондой эле жабырлануучуну кыйнагандардын бири, Кадыр Досоновдун жеке айдоочусумун деген Р.у.А. кошумча дагы 1000 доллар опузалаган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт 203-берененин 3-бөлүмү ("Опузалап талап кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Кармалган Т.И.М. УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөө абагына киргизилген.
Учурда бул иш боюнча бардык айыпталуучулардын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0