Баткенде чек арадан мыйзамсыз кирген АКШ жана Япония жарандары кармалды

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Жалпысынан алганда жыл башынан бери Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө мыйзам бузган 192 жаран кармалган. Ошол эле 709 киши туура эмес документти пайдаланып Кыргызстанга кирүүгө аракет кылып, колго түшкөн.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кечээ Баткенде өлкө аймагына мыйзамсыз кирген АКШ менен Япониянын жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Баткен облусунун Нургазык аймагына 23 жаштагы АКШлык эркек жана 32 жаштагы япониялык аял уруксат документтери жок эле киришкен", — деп айтылат билдирүүдө.
Жалпысынан алганда жыл башынан бери Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө мыйзам бузган 192 жаран кармалган. Ошол эле 709 киши туура эмес документти пайдаланып Кыргызстанга кирүүгө аракет кылып, колго түшкөн.
Быйылкы жылдын 1-январынан бери Кыргызстанга 1,7 миллион адам кирип, 1,8 миллион адам чыгып кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0