Бишкекте 13 жаштагы Аяна бир айдан бери дайынсыз болуп жатат. Сүрөт

© Sputnik / Эмиль СадыровӨспүрүм кыз. Архив
Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Жоголгон кыз келерки аптада 14 жашка толот. Ал 21-майдан тарта изделип жатат. Аяна 17-майдан бери дайынсыз.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Дээрлик бир айдан бери дайыны чыкпай жаткан 13 жаштагы Аяна Тойбаева изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
© Фото / пресс-служба УВД Свердловского района г. БишкекДээрлик бир айдан бери дайыны чыкпай жаткан 13 жаштагы Аяна Тойбаева изделип жатат
Без вести пропавшая Аяна Тойбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Дээрлик бир айдан бери дайыны чыкпай жаткан 13 жаштагы Аяна Тойбаева изделип жатат
21-май күнү кыздын энеси милицияга жардам сурап кайрылган. Ал кызы 17-май күнү Бишкектеги Огонбаев көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин билдирген.
Ысык-Көлдө мигранттардын балдарынын жашоо шарты текшерилип жатканын облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Көлдө 8 миң баланын ата-энеси миграцияда. Милиция жашоо шартын көрүүдө
Милициянын маалыматына караганда, өспүрүм кыз 19-июнь күнү 14 жашка толот.
Белгилери: бою 145-150 сантиметр, арыкчырай, кой көз, чачы кара. Үстүнө кара түстөгү куртка, боз спорттук кийим, кара кроссовка кийип жүргөн.
Кызды көргөн-билгендер болсо 0 (553) 10-23-87,0 (703) 22-26-22, 0 (702) 49-88-88, 0 (772) 84-73-36, 0 (557) 11-94-10, 0 (709) 33-24-63 же 102 номерине кабарлай алышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0