Түптө суудан кызын куткарам деген киши кошо чөгүп кетти

© Фото / Pixabay/ cocoparisienneКөл жээгиндегы өспүрүм кыз. Архив
Көл жээгиндегы өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
ӨКМ кызматкерлери баргыча жергиликтүү тургундар кыз менен атасынын сөөгүн суудан алып чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда көлгө чөккөн 10 жаштагы кызын куткарам деген 42 жаштагы киши кошо каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя Түп районунун Балбай айылында болгон.
Жергиликтүү тургундар куткаруучулар жеткенге чейин кыз менен атасынын сөөгүн суудан алып чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0