Данияр Нарымбаев менен Алмазбек Баатырбеков камакка алынды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев. Архив
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Мурдагы саясатчыларды атайын кызмат Кумтөр ишине байланыштуу кармаганы айтылууда. Алар 31-июлга чейин камакта болот.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-вице-премьер Алмазбек Баатырбековдун бөгөт чарасы тандалып, камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЭкс-вице-премьер Алмазбек Баатырбеков
Первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Алмазбек Баатырбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Экс-вице-премьер Алмазбек Баатырбеков
Ага ылайык, эки саясатчы тең 31-июлга чейин УКМКнын абагында болот.
Временное заключение под стражу подозреваемых в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жапаровдун маалымат катчысы саясатчылардын камалышы боюнча үн катты
Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү маалымат булагы билдиргендей, мурдагы саясатчыларды УКМК бүгүн Кумтөр ишине байланыштуу кармаган.
Баатырбеков 2012-жылы эл аралык иштер боюнча комитеттин башчысы, ал эми Нарымбаев президенттик аппараттын жетекчиси болуп турган.
Ал арада УКМК Нарымбаев менен Баатырбеков Кумтөр ишинин алкагында Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү ("Коррупция") боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде кармалганын тастыктады.
Белгилей кетсек, Кумтөр иши боюнча коррупцияга айыпталып мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Талант Узакбаев, Исхак Пирматов эки айга камакка алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0