Катуу шамал үч адамды жабыркатып, Чүйдөгү мектептин чатырын учуруп кетти. Видео

© Sputnik / Валерий ТитиевскийЧатырдын сыныктары. Архив
Чатырдын сыныктары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Кадрдан мектеп биринчи баштапкы абалында турганы, андан соң шамал чатырын толугу менен учуруп кеткени көрүнөт.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бүгүн кечке жуук болгон катуу шамал Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Торпок айылынын мектебинин чатырын учуруп кетти. Аталган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.
Кадрдан мектеп биринчи баштапкы абалында турганы, андан соң шамал чатырын толугу менен учуруп кеткени көрүнөт.
Москва районунун акими Ниязбек Козуев Sputnik Кыргызстанга табигый кырсык бүгүн, 8-июнда, болгонун айтты. Адамдар жаракат алган жок, келтирилген зыян такталууда.
Белгилей кетсек, 2012-жылы ушул эле айылдын мектебинин чатырын учуруп кеткен.
Мындан сырткары, Бишкекте шамалдын кесепетинен үч адам жаракат алып, Улуттук госпиталга түшкөн. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги алар башынан жаракат алганын жана абалы туруктуу экенин билдирди.
Борбор калаанын бир нече көчөлөрүндө дарактар кулап, бири автоунааны басып калган. Ошондой эле Бишкек менен кошо Талас, Чүй облустарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.
Жаңылыктар түрмөгү
0