Билсеңер кабарлап койгула. Милиция ысык-аталык кишини издеп жатат. Сүрөт

© AFP / HECTOR RETAMALКиши паркта сейилдеп жатат. Архив
Киши паркта сейилдеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Дайынсыз болуп жаткан ысык-аталык киши үйдөн чыгып кеткен боюнча келген эмес. Аны учурда аталган райондун милициясы издеп жатат.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ысык-Ата райондук ИИБи дайынсыз болуп жаткан Калдаев Урмат Болотбековичке издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЫсык-Ата райондук ИИБи дайынсыз болуп жаткан Калдаев Урмат Болотбековичке издөө салат
Без вести пропавший Урмат Калдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ысык-Ата райондук ИИБи дайынсыз болуп жаткан Калдаев Урмат Болотбековичке издөө салат
Маалыматта анын 48 жашта экендиги айтылды.
Урмат Калдаев 2020-жылдын 20-майында Кызыл-Арык айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра келген эмес. Милиция анын дене түзүлүшү, белгилери тууралуу маалымат берди.
Поиски пропавшего Орхан Инанды в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Болгон жерди тинтип, сурак да жүргүзүп жатабыз. ИИМ Инандыны издөө тууралуу
Бою 180-182 см., чачы кара, кыска кыркылган, кой көз, өтө арык, өтө толук эмес. Спорттук ачык боз шымчан, ачык көк футболкачан чыгып кеткен. Бутунда күрөң сланцы болгон.
Байкала турган белгиси — сол жаагында калы бар.
Милиция Урмат Калдаев тууралуу уккандар, көргөндөр болсо (0312) 43-01-27, 43-88-85, 61-69-07 телефондоруна чалып кабарлап коюуну суранды.
Жаңылыктар түрмөгү
0