Ажалдан арачалап. Ошто милиционерлердин сууга чөккөн кишини куткарган видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековНесчастные случаи в озерах КР
Несчастные случаи в озерах КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Каналга балык кармаганга барган жигит буту тайып кетип сууга кулаган. Бул маалда милиционерлер суу жээгинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ош шаарында үч милиционер сууга чөгүп бара жаткан 20 жаштагы жигитти куткарып калды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин маалымат катчысы Абсаттар Тавакалов билдирди.
Окуя 3-июнь күнү саат 16:00 чамасында болгон.
"Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери суу жээгинде жүргөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан. Ошол мезгилде ДЭУ аймагындагы каналга балык кармаганга барган жигит буту тайып кетип сууга кулаган", — деп айтылат маалыматта.
Аны милиция кызматкерлери көрүп калып дароо куткарышкан. Анын ошол замат эле өзүнө келгенин кошумчалашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0