Талас: 18 жаштагы кыздын сөөгү табылса, ага шектүү өз жанын кыйганы айтылды

© Фото / Pixabay / kerttuНошение огнестрельного оружия
Ношение огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Милиция алгач Жаңы-Жер айылындагы токтоп турган автоунаадан октон каза болду деген кыздын сөөгүн тапкан. Окуяга шектелген улан асынып алса, шек жараткан дагы бир жаран кармалган.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Таластын Кара-Буура районунда автоунаанын ичинен 18 жаштагы кыздын сөөгү табылды, аны өлтүрүүгө шектелген 19 жаштагы улан өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кечээ, 4-июнь күнү, болжол менен саат 15:20 чамасында Кара-Буура РИИБдин нɵɵмɵт бɵлүмүнɵ Тез жардам кызматы Жаңы-Жер айылында белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат берген.
"Окуя болгон жерге барган милиционерлер токтоп турган автоунаанын ичинен болжолдуу түрдө октон жаракат алып көз жумган аялдын сөөгүн табышкан. Маркумдун Жаңы-Жер айылынын 18 жаштагы тургуну экени аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Машина райондук милициянын автоунаа токтотуучу жайына киргизилип, Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.
Киши кыздын чачын кармап турат. Иллюстартивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Бишкекте зомбулук менен өлтүрүлгөн эки аялдын сөөгү табылды
Тергөө-ыкчам иштеринин негизинде кылмышка шектүү бүгүн, 5-июнда, болжол менен саат 07:00дө табылып, ал милиционерлер барган учурда асынып каза болгондугу аныкталган.
"Шектүү А.Т. 19 жашта, Кара-Буура районунун Кара-Суу айылынын тургуну экендиги такталды. Андан тышкары райондук милициянын тергөө бөлүмүнө 18 жаштагы Р.Н. аттуу жаран алып келинип, анын кылмышка канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендиги текшерилип жатат", — деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0