Президенттин кортежиндеги кырсыктаган унаа. Жабыркагандардын бири оор абалда

© Sputnik / Александр КряжевТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Министр жол кырсыгынан жабыркаган УКМКнын 9-кызматынын эки өкүлүн Бишкекке алып жөнөгөнүн айтты. Биринин абалы оор.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежиндеги кырсыктаган унаада жабыркагандардын бири оор абалда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Министр кырсыктан жалпысынан алты адам жабыркаганын айтып, үчөө УКМКнын 9-кызматынын өкүлдөрү экенин айтты. Анын бири каза тапкан.
"Атайын кызматтын жол кырсыгынан жабыркаган эки өкүлүн Бишкекке алып жөнөдүк. Эки бейтаптын биринин абалы оор. Аларды шаарга өзүм коштоп, аппаратын кармап бара жатам. Бишкекке барганда да толугураак маалымат беребиз", — деди министр.
Эске салсак, 4-июнь күнү Ысык-Көлдө мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежиндеги унаа кырсыктап, УКМКнын 9-кызматынын бир өкүлү каза тапкан. Кортеждеги унаа Ысык-Көл районундагы Ананьево айылына жакын жердеги жолдон каршы тилкеге чыгып кеткен унаа менен кагышкан. Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеге чыга калган унаанын айдоочусу мас болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0