Алайда аскердик тик учак куладыбы? Расмий органдардын жообу

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМи-8 тик учагы. Архив
Ми-8 тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Бүгүн эртең менен Чоң-Алайга кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууга байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев учуп кеткен.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ош облусунун Алай районунун аймагында аскердик тик учак авариялык кырдаалдан улам конууга аргасыз болду. Маалыматты УКМК тастыктады.
Буга чейин айрым ЖМКлар тик учак кулап түшкөнү туурасында жазган. Бирок УКМК аны төгүндөп, авариялык кырдаалдан улам Алай районунун аймагына конгонун билдирди. Атайын кызматтын төрагасы анын ичинде болгон эмес.
Коргоо министрлигинин маалымат кызматы бул факты боюнча тактап жатканын айтты.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Тажикстан Чоң-Алайдагы кырдаал боюнча өз версиясын билдирди
Ал эми укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы Алай тоолорунда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө таандык тик учак кулап түшкөнүн айтууда. Тик учак Чоң-Алай районун көздөй бараткан. Анын ичинде учкучтар менен кошо жалпы 15 адам болгон. Төрт жаран денесинен жеңил жаракат алган, оор абалдагылар жок.
Алайдын акими Каныбек Апбасов райондун аймагында авиакырсык катталбаганын айтты.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Чоң-Алайда кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууга байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев учуп кеткен. Учурда ал жергиликтүү тургундар менен жолугуп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0