Бишкек милиция: Орхан Инанды Кыргызстандын чек арасынан өткөн эмес

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак аэропортто конуп жатат. Архив
Учак аэропортто конуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Милициянын маалыматына караганда, атайын түзүлгөн мобилдик топ көңүл ачуучу жайлардан баштап токойлорго чейин барып издөө иштерин жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды Кыргызстандын чек арасынан расмий чыккан эмес. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББден билдиришти.
Милиция жоголуп кеткен Кыргызстандын жараны боюнча маалымат берди. Ага ылайык, ИИМдин тажрыйбалуу кызматкерлери Инандыны күнү-түнү издеп жатат. Ондогон адамдар менен болжолдуу күбөлөр суракка алынууда.
Мындан сырткары, атайын түзүлгөн ыкчам-мобилдик топ коомдук, көңүл ачуучу жайларды, мейманканалар менен отелдерди, базарлар менен соода борборлорду, курулуп жаткан үйлөрдү, жаңы конуштарды жана башка жерлерди тинтип жатат.
 Бишкекте Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тезирээк табылышын талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Инандынын табылышын талап кылгандар Өкмөт үйүнүн алдына келди. Сүрөт
Борбор калаанын кире беришине мобилдик жана стационардык посттор орнотулуп, кирген-чыккан унаалар текшерилүүдө.
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын 1-июндан бери дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырган. Инандынын автоунаасы 12-кичи райондо эшиги ачык калган тейде табылганы айтылып, атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеп жүргөнүн маалымдаган.
ИИМ Инандыны тажрыйбалуу кызматкерлер издеп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0